21:48 25 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR99.5213
  • RUB1.1615
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
69 0 0

Россиянын эмгек сиңирген экономистинин пикиринде, ЕАЭБдин өлкөлөр аралык эсептешүү системасы улуттук валюталарда эсеп-кысап жүргүзүү деңгээлине жеткен.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Улуттук валюталарда эсептешүүгө өтүү экономикалык жактан Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрү үчүн пайдалуу. Мындай пикирди Евразия элдер ассамблеясынын башкы катчысы, РФтин эмгек сиңирген экономисти Андрей Бельянинов билдирди.

Ал "ЕАЭБ өлкөлөрүнүн диалогу жана евразиялык интеграцияны өнүктүрүү жолдору" деп аталган Москва — Минск — Ереван — Нур-Султан — Бишкек видеокөпүрөсүнүн алкагында сүйлөдү.

Экономисттин айтымында, улуттук валютадагы эсептешүүлөргө өтүү иш жүзүндө болушу керек.

"Эгерде биз бардык эсептешүүлөрдө евро жана долларды пайдаланбай койсок, ошондой эле SWIFT системасын башкасына алмаштырсак, анда ар кандай тобокелдиктерди азайтып, товар жүгүртүүнү алдыга жылдыра алабыз. Доллар арбитр катары гана кызмат кылып калышы мүмкүн, бирок иш жүзүндө эсептешүүлөрдү камсыз кылган программаларда биз тобокелдиктерден алыс болобуз. Бул өтө маанилүү", — деген Бельянинов.

Сөзүн бышыктоо үчүн ал кош конвертацияны мисал келтирип, мындан улуттук валюталар менен эсептешүү аркылуу арылууга болорун белгиледи.

"Маселен Беларуста жашаган жарандар пенсияны Россиядан алат деп коёлу. Россия америкалык биржадан доллар сатып алып, Беларуска которот. Беларусь долларды ошол эле биржадан беларусь рублине алмаштырат да, пенсионерлерге берет. Эки тараптан да ашыкча чыгым болуп жатат. Мындайдын кимге кереги бар, белгисиз", — деген Бельянинов.

Анын айтымында, мамлекеттер аралык эсептешүүлөр системасы улуттук валютага өтүүгө толук чамасы жетет.

"Бул эгемендүүлүк парады эмес, бул бардык ЕАЭБ өлкөлөрү үчүн пайдалуу экономикалык иш. Анын үстүнө биз буга чейин иштеп жаткан аянтчада каалаган өлкөлөр менен мындай эсептөөлөрдү жүргүзө алабыз", — деп сөзүн жыйынтыктады ал.

Бельянинов буга чейин Кыргызстанда туризмди өнүктүрүүнүн багыттары жана кыргыз-тажик чек ара көйгөйүн чечүү боюнча пикир бөлүшкөн.

Тема боюнча

Бельянинов: кыргыз-тажик чек ара көйгөйүн чечүүгө эки нерсе жардам берет
Бельянинов: Кыргызстандагыдай табият эч жерде жок, бирок туризм тынчтыкты сүйөт
Белгилер:
эсеп, улуттук валюта, Евразиялык экономикалык биримдик, Андрей Бельянинов

ЭҢ МААНИЛҮҮ