Өлкө экономикасында өнөр жай жана курулуш тармагы артка кетип жатат

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшСтроительство многоэтажных домов на ипотечной основе в Оше
Строительство многоэтажных домов на ипотечной основе в Оше - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.07.2021
Жазылуу
Айыл чарба жана соода жүгүртүү тармагында өсүү байкалганы менен экономиканын башка багыттары артка кетүүдө.
БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Кыргызстандын ички дүң продукциясы (ИДП) биринчи жарым жылдыкта (январь-июнь) 270,7 миллиард сомду түзүп, былтыркыга салыштырмалуу 1,7 пайызга төмөндөдү. Бул туурасында Улуттук статистика комитети билдирди.
Ал эми Кумтөр кенин эсепке албаганда ИДПнын көлөмү 242 миллиард сомго жетип 3,7 пайызга жогорулаган.
Айыл чарба тармагындагы өндүрүш 1,3 пайызга, дүң жана чекене соода жүгүртүүдө 11 пайызга жогоруласа, өнөр жайда, тескерисинче, өсүү темпи 10,6 пайызга, курулушта 14,2 пайызга төмөндөгөн.
"Өнөр жай продукцияларынын көлөмүнүн азайышына фармацевтикалык продукциялар (36,5 пайызга), негизги металлдардын жана даяр металл буюмдарынын, ошондой эле химиялык продукциянын (31,2 пайызга) кыскарышы таасирин тийгизди", — деп айтылат маалыматта.
Тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Кыргызстандын бюджети профицитке чыкты. Каражат кайдан көп түшүп жатат
Ошондой эле өткөн жылдын алты айына салыштырмалуу керектөө баалары жана тарифтер 7,3 пайызга өскөн.
Мында тамак-аш продуктулары менен алкоголсуз суусундуктар 11, алкоголдук ичимдиктер, тамеки 7,7 пайызга, азык-түлүк эмес товарлар 4,1 пайызга кымбаттаган. Ал эми калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтери 1,2 пайызга төмөндөгөнү байкалган.
Жаңылыктар түрмөгү
0