Корумду — Балбай жолун реконструкциялоо. Кувейт фонду менен келишим түзүлдү

© Фото / пресс-служба Минэкономики КРРеконструкция Иссык-Кульской кольцевой автодороги на участке Корумду-Балбай
Реконструкция Иссык-Кульской кольцевой автодороги на участке Корумду-Балбай - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Жазылуу
Айланма жол реконструкцияланса ички жана эл аралык туризм жакшырып, бир топ адам жумуш менен камсыз болору кошумчаланды.
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кыргызстан менен Араб экономикалык кызматташтык боюнча Кувейт фондунун ортосунда 28,9 миллион долларлык насыя келишимине кол коюлду. Бул тууралуу Экономика жана финансы министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, аталган каражатка Балыкчы — Каракол автожолунун узундугу 80,5 чакырымды түзгөн Корумду айылынан Балбай баатыр айылына чейинки бөлүгү реконструкцияланат.
АКШ долларлар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.03.2021
Өкмөт 10 миллион доллар насыя алат. Каражат кайда жумшалат
Келишимге министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров менен Кувейт фондунун башкы директорунун орун басары Марван Аль-Ган кол койгон.
Айланма жол реконструкцияланса ички жана эл аралык туризм жакшырып, бир топ адам жумуш менен камсыз болору кошумчаланды.
Фонддун өкүлдөрү менен жолугушууда 20 миллион долларга Улуттук госпиталдын нейрохирургиялык борборун куруу долбоору да талкууланган. Тараптар долбоорду жакын арада ишке ашыруу тууралуу пикир алмашканы айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0