Кыргызстандын бюджети профицитке чыкты. Каражат кайдан көп түшүп жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековТыйындар. Архив
Тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Жазылуу
Алдын ала маалымат боюнча, биринчи жарым жылдыкта бюджеттин аткарылышы 575,3 миллион сомдук профицит менен жабылды.
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Жарым жылда (январь-июнь) өлкө бюджетинин киреше булагы 80 миллиард 767 миллион сомду түзүп, белгиленген пландан 3,45 миллиард сомго көп каражат түштү. Бул туурасында Экономика жана финансы министрлиги билдирди.
Миң сомдук купюралар. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.06.2021
Кыргызстан 5 айда мамлекеттик карызды төлөөгө 13,2 млрд. сом сарптады
Салыктык киреше — 57,4 миллиард, пландан 115,3 миллион сомго, өткөн жылга салыштырмалуу 19,9 миллиард сомго көп;
Салыктык эмес киреше (буга укук коргоо органдары тарабынан өндүрүлгөн каражат да кошулат) — 20,2 миллиард сом, өткөн жылга салыштырмалуу 9 миллиард сомго көп;
Ал эми алты айдын аралыгында республикалык бюджеттин чыгашалары 80 миллиард 191,7 миллион сом болгон. Былтыркыга караганда 10 миллиард сомго көбүрөөк коротулган.
"Алдын ала маалымат боюнча, биринчи жарым жылдыкта бюджеттин аткарылышы 575,3 миллион сомдук профицит менен жабылды. Бул биздин бюджеттин тартыштыгын жоюу боюнча жасалган алгачкы кадамдарыбыз", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле бардык социалдык милдеттемелер, маяна, жөлөк пул, пенсия жана корголгон беренелердин баары өз убагында толугу менен төлөнгөнү белгиленет.
Жаңылыктар түрмөгү
0