Беш айда мигранттар КРге бир миллиард доллардай акча которду. Рекорд

© AP Photo / Jon ElswickАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.07.2021
Жазылуу
Өткөн жылы пандемиядагы чектөөлөргө байланыштуу жеке тараптар которгон акчалардын көлөмү кескин кыскарган болчу.
БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Ушул жылдын январь-май айларында чет жактардан Кыргызстанга 986,3 миллион доллар акча которулду. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук банкы билдирди.
Мында жеке адамдардын акча которуу тутумдары аркылуу жиберген каражаттары гана эсептелген. Өткөн жылдын алгачкы беш айында 699,3 миллион доллар которулган.
Жыл башынан берки маалыматтар (кашаанын ичинде 2020-жылдагы маалыматтар көрсөтүлгөн):
  • январь — 151,5 миллион доллар (кошумча үч миллион);
  • февраль — 177,1 миллион (кошумча 12 миллион);
  • март — 214,3 миллион (кошумча 70,3 миллион);
  • апрель — 216,3 миллион (кошумча 139,9 миллион);
  • май —227,2 миллион (кошумча 61,9).
Денежные купюры и монеты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
Мигранттар которгон акчанын көлөмү быйыл 15 жылдык рекорддон ашып түштү
Эске салсак, былтыр пандемияга байланыштуу чектөөлөрдөн улам акча которуулардын көлөмү кескин азайган. Азыркы тапта өнөктөш өлкөлөрдө чектөөлөр дээрлик кыскарган. Быйылкы көрсөткүчтү 2005-жылдан берки мезгилдердин январь-май айларына салыштырганда жаңы рекорд болду. Буга чейин 2018-жылдын беш айында Кыргызстанга 972,3 миллион доллар акча которулуп, ал эң ири сумма деп айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0