Новиков: Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду кайрымдуулук уюм эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековРоссия-кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) төрагасы Артем Новиков
Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) төрагасы Артем Новиков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.07.2021
Жазылуу
Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) төрагасы Артем Новиков фонд каржылоого талапкер болгон долбоорлор кандай критерийлер менен бааланарын Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып түшүндүрдү.
БИШКЕК, 12-июл. — Sputnik. Анын айтымында, Россия-кыргыз өнүктүрүү фондун көбүнчө каржылай турчу арыздарды узак убакыт карагандыгы үчүн сындашат.
"Долбоорду алгандан кийин арыз берген адам менен сүйлөшүп, анын каржылык мүмкүнчүлүгүн жана канча каражат жүгүртөрүн баалайбыз. Бизге сатуу рыногу жана анын келечеги маанилүү. Эгер кардар цемент заводун курууну каалап, бирок ал аймакта ушул сыяктуу ишканалар болсо, жаңы долбоор атаандаштыкка туруштук бере албаса, анда пайда чыкпайт. Кандай учур болбосун биз консультация берип көмөктөшө алабыз. Эгер ишкердин кызыктуу идеясы болуп, бирок баарын кагазда көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгү жетпесе, анда каржылоонун көлөмүн так аныктоо үчүн биз техникалык негизин иштеп чыгып бере алабыз. Адамдар Россия-кыргыз өнүктүрүү фонду кайрымдуулук уюм эмес экенин түшүнүшү керек. Биз долбоорду үч принципке таянып каржылайбыз. Алар тездик, акы төлөө жана кайтарып алуу", — деди Новиков.
Анын айтымында, фонддун жумушунун артыкчылыгы долбоорду коштоо жана пайыздык ченди Кыргызстандагы коммерциялык банктарга салыштырмалуу аз берүү болуп саналат.
Жаңылыктар түрмөгү
0