Кумтөрдө кошумча бургулоо иштери жасалат

© Sputnik / Эламан КарымшаковКумтөр алтын кени. Архив
Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.06.2021
Жазылуу
Кенде айлана-чөйрөгө келтирилген зыяндын таасирин азайтуу үчүн тереңдетилген анализ жүргүзүүнү пландап жатышат.
БИШКЕК, 25-июн. — Sputnik. "Кумтөрдө" алтын кенди иштетүүнүн старатегиясын өзгөртүү боюнча планды иштеп чыгуу каралууда. Бул туурасында аталган компаниянын бүгүн жарыялаган отчетунда айтылган.
Стратегияда келечектеги техникалык-экономикалык негиздемелердин негизинде кенди жердин алдынан казуу ыкмасы каралган. Учурда тоо шартында жүргүзүлгөн иштери канчага турары, айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтуу боюнча тереңдетилген анализ жасалууда.
"Кошумча геологиялык чалгындоо жана геотехникалык бургулоо иштери керек болот. Июнда компания жаңы коюлган талаптар менен кенде геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү үчүн коммерциялык сунуштарды кабыл алуу туурасында жарыя берүүгө ниеттенип жатат", — деп айтылат маалыматта.
Бүгүнкү отчетто кендин мурдагы тартип менен иштеп жаткандыгы, салык жана бюджеттик төлөмдөрдү которууда үзгүлтүк болбогону кабарланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0