Кыргызстанда тышка мал сатууга коюлган чектөө алынды

Уйлар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.06.2021
Жазылуу
Улукбек Марипов жыйында өлкөгө кант, өсүмдүк майы менен эт ташып келгендерди кошумча салыктан бошотуу чечими кабыл алынганын билдирди.
БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Кыргызстанда бодо мал менен майда жандыктарды экспорттоого чектөө алынганын өкмөт кабарлады.
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов өкмөттүн кезексиз жыйынын өткөрүп, анда өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу каралган.
Марипов Айыл чарба министрлиги маалында чара көрсө, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууда көйгөйлөр жаралмак эместигин айткан. Ошондуктан бир катар чечимдерди кабыл алуу маанилүү болуп жатканын билдирген.
"Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнөн тышкары аймакка кээ бир айыл чарба азыктарын экспорттоого тыюу салынат. Кеп буудай, буудай уну, шекер, күрүч, өсүмдүк майы жана жумуртка тууралуу болуп жатат. Ошондой эле тоютка болгон баанын өсүшү байкалууда. Буга байланыштуу чөптү, аралаш тоютту, жүгөрүнү, арпаны толугу менен тышка сатууга тыюу салынат. Ал эми 8-июлдан тарта Кыргызстанда бодо мал менен майда жандыктарды экспорттоого чектөө алынат", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, үч миң тонна кумшекер жана өсүмдүк майы сатып алынганын билдирген. Ошондой эле өлкөгө кант, өсүмдүк майы менен эт ташып келгендерди кошумча салыктан бошотуу чечими кабыл алынган.
Марипов бюджетке болжол менен 200 миллион сом түшпөй каларын, бирок элди азык-түлүк менен камсыз кылуу үчүн туура чечим кабыл алынганын кошумчалаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0