Кыргызстан сырасын кайсы өлкөлөргө сатат. Тизме

© Sputnik / Сергей Аверин / Медиабанкка өтүүСыра заводунда конвейеринде иштеген жумушчу. Архив
Сыра заводунда конвейеринде иштеген жумушчу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.06.2021
Жазылуу
2021-жылдын алгачкы төрт айында Кыргызстан сырасын көбүрөөк көлөмдө беш өлкөгө экспорттогон. Аны акча менен эсептей келгенде 11,8 миң доллар болгон.
БИШКЕК, 18-июн. — Sputnik. Быйылкы жылдын январь-апрель айларында Кыргызстан 23,3 миң литр сыраны сыртка саткандыгын Статистика боюнча улуттук комитеттен билдиришти.
Бул акча менен эсептей келгенде 11,8 миң долларга чамалап барган.
Сыра төмөнкү өлкөлөргө соодаланган:
  • Казакстан — 9 миң 410 литр;
  • Тажикстан — 7 миң 790 литр;
  • Россия — 5 миң 739 литр;
  • Беларусь — 290 литр;
  • Гонконг — 54,4 литр.
Былтыркы жылдын январь-апрелинде сыртка 16,8 миң литр сыра сатылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0