Кыргызстан тышка сатууга тыюу сала турган азыктардын тизмеси

Ун. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.06.2021
Жазылуу
Бийлик мындай кадамга барууга бир нече себеп бар экенин айтты. Алардын арасында кургакчылык, кымбатчылык жана коронавирус пандемиясынын кесепети турат.
БИШКЕК, 14-июн. — Sputnik. Өкмөт Кыргызстандагы айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн ЕАЭБ биримдигинен тышкары чыгарууга жарым жылга тыюу салуу боюнча токтом долбоорун талкууга койду.
Документте чектөө быйылкы жылдын 8-июлунан тартып киргизилери айтылган.
Бул демилге Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине таандык.
"Токтом долбоору Кыргызстандын ички азык-түлүк рыногунда абалды турукташтыруу, айыл чарба товарларынын опурталдуу жетишсиздигин жана алардын бааларынын жогорулашын болтурбоо максатын көздөйт", — деп айтылат маалыматта.
Сыртка чыгарылбасын деген азыктар менен продукциялардын тизмеси:
  • буудай жана меслин;
  • жүгөрү;
  • арпа;
  • күрүч;
  • буудай уну;
  • өсүмдүк майы;
  • кумшекер;
  • жумуртка;
  • тоют (чөп, саман, комбикорм, акшак жана дан эгин тоюту).
Мындай кадамга барууга өкмөт бир нече себеп бар экенин айтты:
  • Казакстан тарабынан тирүү малдын экспортуна чектөөлөрдү коюу, Өзбекстанда мал чарбасын өнүктүрүү программасын ишке киргизүү менен байланыштуу жана мал жандыктарын өлкөнүн аймагынан массалык түрдө чыгарылгандыгы байкалган;
  • Кыргызстанда малды сырттан алып келүү кыскарган;
  • 2020-жылдын жазгы-күзгү талаа иштерин жүргүзүү жыйынтыгы менен айрым айыл чарба өсүмдүктөрүнүн себүү аянттары азайып, айрым айыл чарба продукцияларынын өндүрүшү төмөндөгөн. Анын кесепетинен ички азык-түлүк рыногунда жогоруда көрсөтүлгөн айыл чарба товарларынын баасы 60-70 пайызга өсүп кеткен;
  • кыш мезгилинде кардын аз жаашы, жаздын кеч келиши 2021-жылдын жазгы талаа жумуштарынын айрым технологиялык процесстерин бузду. Кыргызметеорология кызматы жайдын кургакчыл болушун билдирүүдө. Айыл чарба өндүрүшүнө бул терс таасир берет;
  • коронавирус пандемиясынын күтүлүп жаткан толкунунун коркунучу өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна коркунуч алып келиши мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0