Кыргызстан Түркияга Таласта төө буурчакты кайра иштеткен завод ачууну сунуштады

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевТаласта төө буурчак заводу. Архив
Таласта төө буурчак заводу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2021
Жазылуу
Айыл чарба министринин орун басары президент Садыр Жапаровдун Түркия Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында жетишилген келишимдер жөнүндө айтып берген.
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Кыргызстан Түркияга Таласта төө буурчакты кайра иштеткен завод ачууну сунуштады. Бул тууралуу айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Азамат Мукашевдин айтымына таянып президенттин маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, Мукашев президент Садыр Жапаровдун Түркия Республикасына болгон расмий иш сапарынын алкагында жетишилген келишимдер жөнүндө айтып берген.
"Кыргыз тарап Түркияга Талас облусунда төө буурчакты кайра иштетүү боюнча заводдорду ачууну сунуштады. Мындан тышкары, жүгөрү жана картошканы кайра иштетүү, үрөн чарбасы менен асыл тукум мал чарбасы жаатында биргелешкен кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча сунуштарын берди", — деген министрдин орун басары.
Түркияга болгон расмий иш сапарда кыргыз тарап тамчылатып сугаруу системасын түзүү жаатында инвестицияларды тартуу боюнча биргелешкен ишкана уюштурууну сунуштаганы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0