Акылбек Жапаров: Түркия менен соода жүгүртүү 1 млрд. долларга жеткирилет

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын жана Түркиянын желектери
Кыргызстандын жана Түркиянын желектери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.06.2021
Жазылуу
Министр Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 10-жыйынын өткөрүү күтүлүп жатканын айткан.
БИШКЕК, 12-июн. — Sputnik. Кыргызстан менен Түркиянын президенттери тарабынан соода жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүү боюнча конкреттүү милдет коюлду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров президент Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий иш сапарынын жыйынтыгы боюнча комментарий берип жатып билдирген.
Анын айтымында, өткөн жылы пандемияга карабастан, Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы соода жүгүртүү 507 миллион долларды түзгөн.
"Кыргыз-түрк өнүктүрүү фондун түзүү маселесин караштыруу зарылдыгы жөнүндө принципиалдуу чечим кабыл алынды. Азыр уставдык капиталдын суммасы жана акча каражаты кайда жумшалары боюнча конкреттүү долбоор иштелип чыгууда",— деди Акылбек Жапаров.
Мындан тышкары, министр Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 10-жыйынын өткөрүү күтүлүп жатканын белгиледи.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Түркиянын лидери Режеп Тайип Эрдоган менен Анкара шаарында жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.06.2021
"Достуктун" тагдыры, 20 ординатор, фармзавод. Түркия сапарынын жыйынтыгы
"Кыргыз тарапты Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, ал эми түрк тарапты Түркиянын вице-президенти Фуат Октай жетектейт. Ал жерде биз мамлекет башчыларынын бардык тапшырмаларынын аткарылышын так, деталдуу иштеп чыгабыз. Бул биздин экономикабызга абдан жакшы түрткү болот деп ишенем. Анан биз маселелерди иштеп чыгып, коюлган максатка жете алабыз", — деди министр.
Жапаров жакында Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда Өз ара кызматташуу корпусун түзүү боюнча Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын кароосуна сунуш киргизилерин белгиледи.
"Мындай тажрыйба Өзбекстанда бар. Биз дал ушундай багытта иштөөнү чечтик. Эми мен ай сайын онлайн режиминде жолугушуу өткөрүп, мамлекет башчыларынын тапшырмаларынын аткарылышын көзөмөлдөп турам. 1 миллиард долларлык соода жүгүртүүгө жетишүү үчүн бир-эки жыл талап кылынат деп ойлойм", — деген ал.
Садыр Жапаровдун расмий иш сапарынын алкагында экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров Түркиянын каржы жана казына министри Лүтфи Элван, ошондой эле Түркиянын өнүктүрүү боюнча финансы институттарынын өкүлдөрү менен жолуккан.
Жаңылыктар түрмөгү
0