Пандемия маалында Кыргызстан сүт азыктарын мурункудан кыйла көп сатты

© Sputnik / Владимир АстапковичСүт азыктары. Архив
Сүт азыктары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.06.2021
Жазылуу
Кыргызстанда өндүрүлгөн сүт менен сүт азыктарын негизинен Казакстан жана Россия сатып алат. Анча чоң эмес көлөмдө Өзбекстан жана Тажикстанга дагы жөнөтүлөт.
БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Былтыр Кыргызстанда мурдагы жылдарга салыштырмалуу сүт жана сүт азыктарын экспорттоонун көлөмү 2 эсеге көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен билдиришти.
"2020-жылы сыртка чыгарылган сүт азыктарынын көлөмү дээрлик 35 миң тоннага жетип, 46 миллион долларга сатылды. Негизинен башка өлкөлөргө ак май (жалпы экспорттолгон товарлардын көлөмүнүн 37 пайызы), сыр жана быштак (21 пайыз), сүт жана каймак (17 пайыз), кычкыл сүт азыктары (11 пайыз) жөнөтүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.
Кыргызстанда өндүрүлгөн азык-түлүктүн бул түрлөрүн эң чоң көлөмдө Казакстан сатып алат. Коңшу өлкөгө жалпы экспорттун 52 пайыздан ашыгы жөнөтүлгөн. Экинчи орунда 46 пайыз менен Россия турат. Анча чоң эмес көлөмдө Өзбекстан менен Тажикстан дагы сатып алат.
Жаңылыктар түрмөгү
0