Нефтетрейдерлер ассоциациясы: июнда бензиндин дагы 2 сомго кымбатташы күтүлүүдө

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүМай куюучу жайдын кызматкерлери. Архив
Май куюучу жайдын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.06.2021
Жазылуу
Буга дүйнөлүк рынокто нефть азыктарына баанын көтөрүлүп жатканы себеп болууда. Мисалы, 1-июнда Brent үлгүсүндөгү нефтинин бир баррели 69,46 доллардан сатылды.
БИШКЕК, 7-июн. — Sputnik. Кыргызстанда июнь айында мунай продуктуларынын бир литри орточо эсеп менен 4 пайызга кымбаттаары күтүлүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.
Буга дүйнөлүк рынокто нефть азыктарына баанын көтөрүлүп жатканы себеп болууда. Мисалы, 1-июнда Brent үлгүсүндөгү нефтинин бир баррели 69,46 доллардан сатылды. Россиянын мунай базарында да дүң наркы өсүп жатканы байкалууда.
"Жогорку себептерди эске алганда июнь айында кара майдын баасы төрт пайызга кымбатташы күтүлүп жатат. Ошол эле учурда мунай сатуучу компаниялар баанын кескин өсүшүнө жол бербөөгө ниеттенип жатышат", — деп айтылат билдирүүдө.
Жыл башынан 1-июнга чейин өлкөдө бензин 39,2 пайызга же 13,7 сомго кымбаттады.
Жаңылыктар түрмөгү
0