Доллар кайрадан кымбаттады. Бензин менен алтын боюнча абал кандай

© Фото / PixabayДоллар жана евро купюралары. Архив
Доллар жана евро купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.06.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан редакциясы Бишкекте алтын, күйүүчү май жана чет элдик валюталардын баасы кандай өзгөргөнүнө баам салып турат.
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Өткөн суткада Бишкекте доллар кымбаттап, евро, тескерисинче, баасын түшүрдү. Ири май куюучу жайларда бензиндин баасы өзгөргөн жок.
Бейшемби күнкүгө салыштырмалуу бүгүн акча алмаштыруу жайларында доллар сатып алуу 17 тыйынга (84,46 сом), сатуу 11 тыйынга (84,84 сом) кымбаттады. Айта кетсек, айрым банктарда АКШ акчасынын курсу кайрадан 84,9 сомго жетти.
Евро арзандап жатат. Сатып алуу 42 тыйынга (101,89 сом), сатуу 45 тыйынга (103,31 сом) түштү.
Күйүүчү майдын баасы мурдагыдай эле:
"Роснефть":
  • АИ-92 — 49,7 сом;
  • АИ-95 — 51,7 сом;
  • Дизель майы — 45,9 сом.
"Газпром нефть Азия":
  • АИ-92 — 50,5 сом;
  • АИ-95 — 52,5 сом;
  • Дизель майы — 46,5 сом.
Ал эми алтындын баасы түшүп, бир граммы 86,5 сомго арзаныраак сатыла баштады.
Жаңылыктар түрмөгү
0