1-июлдан тарта ишкерлер жаңы кассалык аппараттарда иштеши керек

Касса. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.06.2021
Жазылуу
Кассалык аппараттарды колдонуудан буга чейин бошотулган субъектилер дагы аны 1-июлдан баштап колдоно баштоого милдеттүү.
БИШКЕК, 3-июн. — Sputnik. Салык кызматы 1-июлдан тартып көзөмөл-кассалык машиналар (ККМ) жаңы стандарттар боюнча колдонуларын эске салды.
"1-июлдан баштап Кыргызстандын аймагында ККМди колдонуу жаңы стандарт боюнча ишке ашырылат. Бул күндөн тартып салык органдарында катталган ККМдин фискалдык маалыматтарды реалдуу убакыт режиминде берүү функциясы жок эски үлгүлөрүн колдонууга болбойт", — деп айтылат билдирүүдө.
ККМди колдонуудан буга чейин бошотулган субъектилер дагы аны 1-июлдан баштап колдоно башташы зарыл. Кеп Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында ыктыярдуу патенттин негизинде ишкердик жүргүзүүчү төмөнкү субъектилер тууралуу болуп жатат:
  • соода борборлорунда жана үйлөрдө жайгашкан, аянты 10 чарчы метрге чейинки соода түйүндөрүндө товарларды сатуу, кызмат көрсөтүү;
  • коомдук тамактануу жайларында убактылуу жерлерди (павильондорду, боз үйлөрдү, бастырма, башка убактылуу курулуштарды) пайдалануу менен кызмат көрсөтүү;
  • соода залынын аянты 20 чарчы метрге чейинки павильондордо, контейнерлерде, башка убактылуу курулуштарда товарларды сатуу.
Мындан тышкары, жаңы техникалык талаптарга ылайык ККМди колдонууга милдеттендирилгендер Бишкек жана Ош шаарларынын аймагында ыктыярдуу патенттин негизинде иштегендер жана сооданын төмөнкү түрлөрү менен алектенген субъектилер:
  • 200 чарчы метрден ашык соода аянты менен стационардык соода түйүндөрүндө товар сатуу;
  • дарыканаларда дары-дармек сатуу;
  • 200дөн ашуун орду бар же аянты 300 чарчы метрден ашкан коомдук тамактануу жайы;
  • стационардык жайларда медициналык кызмат көрсөтүүлөр;
  • медициналык лабораторияларда кызмат көрсөтүүлөр.
Жаңы стандарттарга ылайык келбеген ККМ пайдаланылган учурда мындай аппараттар Салык кызматынын автоматташтырылган маалымат системасынан каттоодон чыгарылат, ал эми субъектилер административдик айыпка жыгылары айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0