Россия ТИМи Түндүк деңиз жолунун Суэц каналына салыштырмалуу артыкчылыктарын атады

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүТүндүк деңиз жолу
Түндүк деңиз жолу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.06.2021
Жазылуу
Түндүк деңиз жолунун Карск Дарбазасынан Чукоткадагы Провидения аймагына чейинки аралыгы 5,6 миң чакырымды түзөт. Ал эми деңиз жолуна кирип-чыккан дарыя жолдорунун узундугу 37 миң чакырымга жетет.
БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өзгөчө тапшырмалар боюнча элчиси, Арктика кеңешинин өкүлү Николай Корчунов РИА Новостидеги маегинде Түндүк деңиз жолунун Суэц каналына салыштырмалуу кандай артыкчылыктарга ээ экенин айтып берген.
Дипломат белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын март айында жүк ташыган Ever Given кемесинин Суэц каналына токтоп кайра жыла албай калышы глобалдык альтернативдүү транспорттук жолдорду өнүктүрүү зарылдыгын көрсөттү.
"Түндүк деңиз жолу Суэц каналы менен кеткен маршрутка салыштырмалуу 40 пайызга кыскараак жана дагы бир катар артыкчылыктарга ээ. Саясий жактан алып караганда дагы пайдалуу. Жолдун кыскалыгы убакыт менен күйүүчү майды үнөмдөйт жана курчап турган чөйрөгө дагы зыянды азайтат", — деди Корчунов.
Ал акыркы жылдары Түндүк деңиз жолу аркылуу ташылган жүктүн саны өсүп жатканы байкалганын белгиледи. Агенттиктин маектеши бул жол өнүгө турган болсо түндүктөгү аймактарга, соода менен туризмге жана Арктиканын калкынын жашоосуна оң таасир тийгизерин айткан.
Россия Суэц каналын алмаштырчу жол тапты. Түндүк деңиздин кандай келечеги бар? - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2021
Россия Суэц каналын алмаштырчу жол тапты. Түндүк деңиздин кандай келечеги бар?
Буга чейин Ыраакы чыгышты өнүктүрүү министри Алексей Чекунков билдиргендей, Азиянын ири мамлекеттери Түндүк деңиз жолун Суэц каналынын альтернативасы катары карап жатат. Ал эми вице-премьер Юрий Трутнев Россия Түндүк деңиз жолун колдонууга ыңгайлуу, коопсуз кылуу үчүн бардык күчүн жумшай турганын белгилеген. Ал, ошондой эле, бул жол аркылуу товар ташыла баштаса айлана-чөйрөгө келтирилген зыян дагы азаярын айтты.
Түндүк деңиз жолунун Карск Дарбазасынан Чукоткадагы Провидения аймагына чейинки аралыгы 5,6 миң чакырымды түзөт. Ал эми деңиз жолуна кирип-чыккан дарыя жолдорунун узундугу 37 миң чакырымга жетет.
Ever Given контейнер ташуучу кемесинин узундугу 400 метрге жетип, 224 миң тонна жүк көтөрөт. Ал негизинен Азиядан Европага жүк ташуу үчүн колдонулат.
Суэц каналы — Жер ортолук деңиз менен Кызыл деңизди бириктирип турган, Египеттин аймагы менен өткөн суу каналы. Узундугу — 160 чакырым, туурасы 350 метрдин тегереги. Ал аркылуу Азиядан Европа өлкөлөрүнө товар ташышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0