1-июлдан тарта спирт ичимдиги менен чылым милдеттүү түрдө маркаланат

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүШтрих-код сканери тамеки блогунан маалымат алып жатат. Архив
Штрих-код сканери тамеки блогунан маалымат алып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.05.2021
Жазылуу
2022-жылдын 1-январынан тарта өлкөнүн аймактарында маркаланбаган ичимдик менен чылымды жүгүртүүгө тыюу салынары айтылды.
БИШКЕК, 31-май — Sputnik. 1-июлдан тарта Кыргызстанда спирт ичимдиги жана чылымды санариптик идентификациялоочу каражаттар менен милдеттүү түрдө маркалоо киргизилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан кабалашты.
Билдирмеге ылайык, 2022-жылдын 1-январынан тарта өлкөнүн аймактарында маркаланбаган ичимдик менен чылымды жүгүртүүгө тыюу салынат.
"Арак, ликер-арак ичимдиктери, күчтүү суусундуктар, күчтүү ширелер жана бальзам, шарап, коньяк (коньяк спиртинен тышкары), шампан, спирти аз ичимдиктер, чылым (чыпкалуу жана чыпкасыз) жана чылым менен ысытылуучу буюмдар (ысытылуучу чылым таякчасы, чылымы бар ысытылуучу капсула) милдеттүү түрдө маркаланууга тийиш", — деп айтылат маалыматта.
Аталган товарларга маркалоонун GTIN-коддорун алуу үчүн өндүрүүчүлөр жана импорттоочулар биринчи кезекте GS1 Kyrgyzstan предметтик номерлөө ассоциациясына кирүүсү зарыл экени маалым болду.
Андан кийин маркалоонун улуттук оператору "Альфа Телеком" ЖАКсы менен ичимдик жана чылым саткандарга маркалоо коддорун берүү боюнча кызмат көрсөтүүгө келишим түзүлөт.
"Альфа Телеком" ЖАКсы менен келишим түзүү үчүн төмөнкү даректер боюнча тейлөө борборлоруна кайрылса болот:
Бишкекте:
  • Чыгыш-5 кичи району, Чүй проспекти, 32/б үйү, "Изумруд" соода борборунун жанында;
  • Кожевенная көчөсү, "Дордой" базары, 1-өтмөк, № 60-61 конт. ("Мир обуви");
  • Чүй проспекти, 204, "Берекет Гранд" соода борбору, жер төлө (0);
  • Айтматов проспекти, 3, Asia Mall соода борбору, жер төлө (0);
Ош шаарында — Масалиев проспекти, 2 (Каныкей эстелигинин жанында ).
Кара-Суу шаарында — Бакиев көчөсү (Кычан Жакыпов атындагы мектеп-интернаты). Кошумча маалыматты "Текшер" системасынын www.main.teksher.kg сайтынан, ошондой эле 116 же 0 999 333 999 номерлери аркылуу алууга болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0