Бишкек, Ош, Токмок шаардык кеңештерин кайра шайлоого 48 млн. сом сарпталат

© Sputnik / Табылды КадырбековЭлектрондук урна. Архив
Электрондук урна. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.05.2021
Жазылуу
Мурдагы шайлоодо массалык түрдө мыйзам бузуу катталгандыгына байланыштуу аталган үч шаардагы добуштардын жыйынтыгы жокко чыгарылган.
БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Бишкек, Ош жана Токмок шаардык кеңештерине шайлоону кайра өткөрүү үчүн 48 миллион 344 миң сом сарпталат. Бул тууралуу Боршайкомдон билдиришти.
БШК үч шаарда өтө турган шайлоонун сметасын түзгөн.
Каражат төмөнкү багыттарга сарпталат:
  • Шайлоого даярданууга жана аны өткөрүүгө керектүү товарлар менен кызматтарды сатып алууга;
  • Шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү менен жабдыктардын операторлорун окутууга жана кызматтык сапарларга барууга;
  • Байланыш кызматына;
  • Предметтер менен материалдарды сатып алууга;
  • Жабдыктар менен материалдарды жеткирүү үчүн транспот кызматтарына;
  • Аймактардын ичинде жабдыктарды жеткирүү үчүн транспорт кызматтарына.
Шайлоо 11-июлда, жекшемби күнү, өтмөкчү. Апрелде болгон шайлоодо массалык түрдө мыйзам бузуу катталгандыгына байланыштуу аталган үч шаардагы добуштардын жыйынтыгы жокко чыгарылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0