09:14 29 Теке 2021
Түз эфир
  • USD84.6655
  • EUR100.1043
  • RUB1.1502
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы (95)
219610

Кыргыз өкмөтү жана Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссия алтын кенге ЖМК өкүлдөрүн алып барып, азыркы кырдаал менен тааныштырды.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Кумтөр кенинде мөңгүнү көзөмөлдөгөн жана башка маалыматтык системалардын бардыгы калыбына келтирилди. Бул тууралуу "Кумтөр голд компанинин" өндүрүш боюнча директорунун милдетин аткаруучу Нурдин Үсөнов билдирди.

Белгилей кетсек, Кумтөр кенинде мөңгүнүн коопсуздугуна жана алардын жылып турганына көз салган система 15-майда өчүп калган.

Ошондой эле ишкананын операциялык системалары иштен чыгып, калыбына келтирүү үчүн IT-компаниялар тартылганы маалымдалган.

И.о. директора по производству Кумтор Голд Компани Нурдин Усонов
© Sputnik / Эламан Карымшаков
"Кумтөр голд компанинин" өндүрүш боюнча директорунун милдетин аткаруучу Нурдин Үсөнов
"IT инфраструктурасы өчүрүлгөндөн кийинки кырдаал толугу менен жөнгө салынды. Маалыматтык технологиялар бөлүмү компьютердик программалардын баарын калыбына келтирип, тоодогу радарлар, бөлүмдөрдүн ортосундагы байланыш толук кандуу иштеп жатат. Жумушчулардын коопсуздугуна кепилдик бере алабыз. Азыр бул жактан канадалыктар эч кандай маалымат ала албайт. Бардык маалыматтык базалар биздин көзөмөлдө", — деди Үсөнов.

Бүгүн кыргыз өкмөтү жана Кумтөрдүн ишмердүүлүгүн иликтеген мамлекеттик комиссия алтын кенге ЖМК өкүлдөрүн алып барып, азыркы кырдаал менен тааныштырды.

Анда адистер негизги карьердин үстүндөгү мөңгүнүн жана калдыктардын жылышын көзөмөлдөгөн радарды төрт күн бою кол менен башкарганын айтышты.

Тема:
"Кумтөргө" 3 миллиард доллар айып салынышы (95)

Тема боюнча

Centerra президенти Перри: кыргыз өкмөтү менен диалогго барууга даярбыз
Кыргыз өкмөтү "Кумтөрдү" сырттан кантип башкарат? Укугу жана мөөнөтү
Учурда Кумтөр кенинде иш кандай жүрүүдө. Видео, сүрөттөр
Белгилер:
Нурдин Үсөнов, кайра калыбына келтирүү, Кумтөр

ЭҢ МААНИЛҮҮ