Кыргызстан техрегламент боюнча үч жыл мөөнөт сурады. Күйүүчү май боюнча абал

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүКүйүүчү май куйуучу жай. Архив
Күйүүчү май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2021
Жазылуу
Алгач күйүүчү майдын техникалык регламенти боюнча өткөөл мезгилди 2021-жылдын 12-августунан баштап бекитишкен. Кийин аны 2023-жылга чейин узартып, бирок бир ай мурда КР бийлиги мөөнөттү 2025-жылга чейин созууну суранды.
БИШКЕК, 28-май — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрү Кыргызстанга күйүүчү май боюнча техникалык регламенттин киргизилиши боюнча дагы убакыт берет. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын техникалык жөнгө салуу боюнча министри Виктор Назаренко Sputnik маалымат борборунда өткөн видео көпүрөдө айтты.
Ал өткөн жылдын декабрында кыргыз бийлиги өткөөл мезгилдин убактысын созууга уруксат берүү боюнча кайрылганын белгиледи. Бул республикадагы мунай заттарын кайра иштеткен заводдор күйүүчү майды улуттук стандарт менен өндүрүп туруу үчүн жасалган.
"Документ талкууланды, негизи аны өлкөлөр колдоду. Бул маселени 29-июнда ЕЭКтин кароосуна алып чыгууга камынып жатабыз", — деген Назаренко.
Ал өткөөл мезгилдин мөөнөтү узартылса, бардык документтерде улуттук регламенттин мөөнөтү 2025-жылдын 1-январынан эрте болбойт деп белгиленерин айткан. Назаренконун айтымында, мунай заттарын иштеткен заводдор реконструкция жүргүзүүгө жетишип калат.

Маселенин төркүнү

Күйүүчү май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.05.2021
Канткенде автоунаа бензинди аз ичет. Эксперттин үч кеңеши

Эске салсак, күйүүчү майдын техникалык регламенти боюнча өткөөл мезгил 2021-жылдын 12-августунан башталат деп бекитишкен. Бирок Кыргызстандын экономика министринин билдирүүсүнө караганда, мунай заттарын кайра иштеткен жергиликтүү ишканалардын К4, К5 деп аталган экологиялык класстагы бензин менен дизелдик майдын өндүрүшкө даяр эместигинен жана ишканалардын токтоп калышынан улам дагы эки жылга узартышкан.

Кийин аны 2023-жылга чейин узартып, бирок бир ай мурда КР бийлиги мөөнөттү 2025-жылга чейин созууну суранды.
Жаңылыктар түрмөгү
0