Amazon кыргызстандык ишкерлерге түз соода кылууга уруксат берди

© AFP / MARCO BERTORELLOAmazon электрондук соода платформасынын логотиби. Архив
Amazon электрондук соода платформасынын логотиби. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2021
Жазылуу
Бир нече жылдан бери борбор азиялык ишкерлер Amazon платформасына каттала албай келген. Эми компания бул чектөөнү алып салды.
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Америкалык ири электрондук соода платформасы өз аянтчасында катталууга кыргызстандык товар өндүрүүчүлөргө мүмкүндүк берди. Жаңы тизме компаниянын сайтында жарыяланды.
Кыргызстандагы IT-компаниялар ассоциациясынын аткаруучу директору Ширин Муканбетова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2021
IT адиси болчуларды окутуп, такшалтабыз. Компаниялар бирикмесинин өкүлү менен маек
Катталуу үчүн ишкер паспорт көчүрмөсүн, кредиттик картасын, банктагы эсебин, телефон номерин жана төлөгөн салыктары боюнча маалыматтарды көрсөтүшү керек.
Каттоо ийгиликтүү аяктаган соң баракчасы активдештирилип, европалык соода аянтчаларына жол ачылат.
Жаңылыктар түрмөгү
0