Алтын менен доллар арзандап, күйүүчү майдын баасы өзгөргөн жок

© REUTERS / Marcos BrindicciАКШ долларларын санап жаткан аял. Архив
АКШ долларларын санап жаткан аял. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан редакциясы Бишкекте алтын, күйүүчү май жана чет элдик валюталардын баасы кандай өзгөргөнүнө баам салып турат.
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. Кыргызстанда доллардын курсу менен алтындын баасы бир аз төмөндөдү. Күйүүчү май ошол эле баага сатылууда.
Ишемби күнү коюлган бааларга салыштырмалуу акча алмаштыруу жайларында АКШ акчасы арзандап, сатып алуу 19 тыйынга (83,14 — 83,9 сом), сатуу 19 тыйынга (83,53 сом) төмөндөдү. Ал эми жума күнкү көрсөткүчтөргө салыштырмалуу еврону сатып алуу 58 тыйынга (100,87 сом) сатуу 60 тыйынга (102,28 сом) ылдыйлады. Рубль менен теңгенин баасында билинер-билинбес гана өзгөрүү болду.
Күйүүчү майдын баасы ошол боюнча.
"Роснефть":
  • АИ-92 — 49,7 сом;
  • АИ-95 — 51,7 сом;
  • Дизель майы — 45,9 сом.
"Газпром нефть Азия":
  • АИ-92 — 49,5 сом;
  • АИ-95 — 51,5 сом;
  • Дизель майы — 45,5 сом.
Ал эми алтындын баасы түшүп, бир граммы 17,5 сомго арзаныраак сатыла баштады. Эске салсак, 2015-жылдан тарта Улуттук банк алтын куймаларын сатыкка чыгарган. Бул кыргызстандыктардын топтогон акчасын алтынга салууга көмөктөшүү максатында жасалган болчу. Алар ар башка граммдагы алты түрдүү уютмадан турат, салмагы бирден 100 граммга чейин.
Жаңылыктар түрмөгү
0