08:23 28 Жетинин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7747
  • EUR95.3546
  • RUB1.1215
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
ЕАЭБдеги Кыргызстан (314)
96 0 0

Президент өз ара эсептешүүлөрдө улуттук валюталарды жигердүү колдонуу менен валюта чөйрөсүндөгү кызматташтыкты тереңдетүүгө басым жасоону сунуш кылды.

БИШКЕК, 21-май — Sputnik. ЕАЭБ өлкөлөрү өз ара эсеп-кысапта улуттук валюталарды активдүү пайдаланышы керек. Мындай пикирин президент Садыр Жапаров Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин отурумунда билдирди.

Ал белгилегендей, жалпы каржы рыногун жандандыруу багытында иш алып баруу зарыл. Өткөн жыл каржы рыногунда өз ара кызматташууну жеңилдетүү керектигин көрсөттү.

"Улуттук валюталардын курсунун түшүп кетиши тышкы инфляция менен катар жалпы суроо-талаптын төмөндөшүнө карабастан бүтүндөй союз боюнча керектөө баасынын өсүшүнө алып келди", — деген Жапаров.

Ал өз ара эсептешүүлөрдө улуттук валюталарды жигердүү колдонуу менен валюта чөйрөсүндөгү кызматташтыкты тереңдетүүгө басым жасоону сунуш кылды.

"Бул үчүн тышкы инфляциянын "азык-түлүк куржунундагы" товарларга болгон таасирин теңдештирүү менен катар биримдикке мүчө-мамлекеттердин улуттук валюталарында соода-финансылык операцияларды жүргүзүүнү камтыган натыйжалуу механизмди ойлоп табуу сунушталат", — деп белгиледи президент.

Ошондой эле ал улуттук төлөм тутумдарын колдонуп жана интеграциялоо менен бирдиктүү төлөм мейкиндигин тез арада түзүү керектигин кошумчалады.

Тема:
ЕАЭБдеги Кыргызстан (314)

Тема боюнча

Путин россиялык вакцинаны Кыргызстанда да өндүрүү каралып жатканын айтты
Жапаров ЕАЭБде мигранттар үчүн шартты мындан дагы жакшыртууну сунуштады
Белгилер:
Садыр Жапаров, Евразиялык экономикалык биримдик, Отурум, соода-экономикалык алака, валюта

ЭҢ МААНИЛҮҮ