Кыргызстанда курулуш материалдар кымбаттап жатат. Баалар

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКирпичтерди таңгактоого даярдоо. Архив
Кирпичтерди таңгактоого даярдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2021
Жазылуу
Бишкекте кирпичтин наркы дээрлик 22 пайызга өстү. Ал эми Кыргызстан боюнча орто эсеп менен алганда 14 пайызга кымбаттаган.
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Кыргызстанда курулуш материалдардын чекене баасы кымбаттап жатат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Цементтин баасы өткөн жылдын апрель айына салыштырмалуу Кара-Балтада 22,2 пайызга, Покровкада 21,7 пайызга өскөн. Республика боюнча цементтин 50 килограммы орто эсеп менен алганда 306,67 сом турат. Жыл ичинде баа дээрлик тогуз пайызга жогорулаган.
Цемент аймактарда канча турат:
  • Бир мүшөк цемент (50 килограмм) Чаек айылында (Нарын) — 374,97 сом;
  • Кербен (Жалал-Абад) — 369,46 сом;
  • Токтогул (Жалал-Абад) — 356,64 сом.
Эң арзан (274,95 сом) цемент Өзгөндө (Ош облусу), Покровка айылында (Талас) 280 сом, Ошто (280,99 сом) жана Бишкекте (297,77 сом) сатылат.
Ал эми курулуш кирпичинин миң даанасы 7 262,69 сом. Бул өткөн жылдын апрелине салыштырмалуу 14 пайызга кымбат.
Эң кымбат кирпич кайсы аймакта:
  • Токмок (Чүй) — миң даанасы 13 228,76 сом;
  • Нарын, Баткен, Талас — 10 000 сом (миң даанасы).
Кербенде (2 698,15), Кара-Сууда (2 978,09) жана Токтогул районунда (4 500 сом) кирпичтин баасы салыштырмалуу арзан.
Жаңылыктар түрмөгү
0