Доллар арзандап жатат. 14-майга карата маалымат

© Sputnik / Жоомарт УраимовАКШ доллары. Архив
АКШ доллары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.05.2021
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан негизги валютанын, бензиндин жана дизелдик майдын, ага кошумча, алтын куймаларынын баасына байкоо салып, жарыялап турат.
БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Кыргызстанда доллардын курсу түшүп жатканын Valuta.kg порталындагы маалыматтардан көрүүгө болот.
Акча алмаштыруучу бир катар жайларда америка валютасы 84,75 сомдон сатылууда. Ал эми кээ бир банктар 84,8 сом деп койду. Улуттук банктын расмий курсунда 84,65 деп турат.
Ал эми еврону 101.52ден сатып алышып, 101.92ден кайра сатып жатышат. Улуттук банктын расмий курсунда 102,73 деп турат.
Рублди алуу 1, 133 сом, ал эми кайра элге сатуу 1, 150 деп турса, Улуттук банк 1, 143 сом деп бекитти.
Ал эми казак акча бирдиги тенгени 0, 1875 деген баа менен сатып алса, кайра соодалоо 0, 2039 болду. Улуттук банктын расмий курсунда 0, 1986 деп турат.
"Роснефть":
  • АИ-92 — 49 сом;
  • АИ-95 — 51 сом;
  • Дизель майы — 45,2 сом.
"Газпром нефть Азия":
  • АИ-92 — 49,2 сом;
  • АИ-95 — 51,2 сом;
  • Дизель майы — 44,9 сом.
Алтын куймаларынын баасы дагы бир аз түштү. Маселен, бир граммы башка күндөргө салыштырмалуу бүгүн 24 сомго арзандаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0