2020-жылы кыргызстандыктардын кирешеси 5,1 пайызга кыскарган

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргызстан сом валютасы. Иллюстративдик сүрөт
Кыргызстан сом валютасы. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.05.2021
Жазылуу
Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, былтыр кыргызстандыктардын кирешесинин көбү эмгек ишмердүүлүгүнөн кыскарган.
БИШКЕК, 13-май — Sputnik. 2020-жылы Кыргызстан калкынын акчалай кирешеси 5,1 пайызга кыскарган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалымат кызматы кабарлады.
Кыргызстандыктардын акчалай кирешесинин көлөмү 425 миллионду түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 5,1 пайызга азайган.
"2020-жылы киши башына болгон киреше айына 5 600,4 сомду түзүп, мурдагы жылкы көрсөткүчкө караганда 6,9 пайызга кыскарган", — деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, былтыр кыргызстандыктардын кирешесинин көбү эмгек ишмердүүлүгүнөн кыскарган.
Жаңылыктар түрмөгү
0