Дүйнөлүк банк КРде электр энергиянын баасын өзгөртүүнү кубаттады

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүЭлектр зымдары. Архив
Электр зымдары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2021
Жазылуу
Аталган уюм бүгүнкү күндө Европа менен Борбор Азияда электр кубатынын эң арзан тарифи Кыргызстанда экендигин билдирген.
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Дүйнөлүк банк (ДБ) Кыргызстандын бийлиги менен биргеликте өлкөдөгү электр кубатынын тарифин кайра карап чыгуу чечимин кабыл алды. Бул туурасында аталган уюмдун Европа жана Борбор Азия аймагы боюнча вице-президенти журналисттерге айтты.
"Тарифтер энергетика тармагынын чыгымдарын жабуу үчүн өзгөртүлүп жатат. Бул чыгымдардын ордун толтуруу үчүн жасалган кадам болгондуктан Дүйнөлүк банк колдоду. Калктын жетишпей жашаган катмары үчүн социалдык тариф каралганын угуп кубандык", — деген Бьерде.
Аталган уюмдун өкүлү тариф реформасы жетишпей жашагандарга кедергисин тийгизбеши керек деген пикирин билдирген.
Электр линиялары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2021
Ишканалар канча сомдон төлөйт? Электр кубаты үчүн сунушталган бардык тарифтер
"Арзан тарифтер зарыл болгондон да көбүрөөк колдонууга түртөт. Биз анын өзгөрүшүн колдойбуз, себеби бүгүнкү күндө Европа менен Борбор Азияда электр кубатынын эң арзан тарифи Кыргызстанда. Муну менен катар эле тариф реформасы жетишпей жашагандардын мойнуна жүк болбошун каалайбыз", — деген ДБнин өкүлү.
21-апрелде Садыр Жапаров электр кубатынын тарифтерин өзгөртүүнү сунуштаган.
Категориялар:
  • Аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн 74 тыйын;
  • Жашоо шарты оор алыскы жана тоолуу аймактардын жашоочуларына 1,04 сомдон;
  • Колунда барларга 1,48 сомдон белгилеп, киловатт-сааттык чекти алып салуу (кышкысын бул категориядагы жарандан 1000 киловатт-сааттан ашканда 2,29 сомдон төлөшү мүмкүн).
Жаңылыктар түрмөгү
0