Чаткалда алтын казган компания экологиялык зыяны үчүн 103 млн. сомдук доого жыгылды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүКен казуу. Архив
Кен казуу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.05.2021
Жазылуу
Доого жыгылган "Чаарат Заав" ЖАКсы болушу мүмкүн. Бул компания Жалал-Абад облусундагы ири алтын кендерин казуу менен алектенет.
БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Чаткал районунда тоо-кен тармагында иш жүргүзгөн компания экологияга зыян келтиргени үчүн мамлекетке 103 миллион сом төлөөгө милдеттендирилди. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү учурунда Кыргызстандын жаратылышына өзгөчө ири өлчөмдөгү зыян келтирилгени аныкталган.
"Жер кодексине ылайык, айыл чарбасынын жана токой чарба өндүрүшүнүн жоготууларынын ордун толтуруу наркы өкмөт белгилеген тартипте, укук ырастоочу документтерди бергенге чейин жер казынасын пайдалануучу тарабынан төлөнөт. Тоо-кен тармагындагы "Ч.З" жабык акционердик коомуна "Кадастр" мамлекеттик мекемесинин Чаткал филиалы айыл чарба жерлеринин жоготуулары үчүн акча каражатын төлөбөгөндүгүнө карабастан өндүрүш үчүн убактылуу пайдаланууга 726 гектар жер тилкесин берип жиберген", — деп айтылат маалыматта.
Экотехинспекциянын Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондору боюнча башкармалыгынын билдирүүсүнө ылайык, айыл чарба жоготууларынын жана алынбай калган пайданын өлчөмү 133 739 682 сом экендиги такталган.
Золоторудное месторождение Боковое ООО Алданзолото - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.04.2018
"Кумтөргө" ээлик кылгысы келген Chaarat Gold компаниясы жөнүндө 7 факты
Мындан улам облустук прокуратура "Ч.З." компаниясы жана "Кадастр" мекемесинин Чаткал филиалынан мамлекеттин пайдасына аталган сумманы өндүрүү үчүн сотко доо-арыз менен кайрылган.
Чаткал райондук соту тарабынан арыз жарым-жартылай канааттандырылып, жогорудагы тараптардан 103 307 003 сом өндүрүү чечими чыккан.
Белгилей кетсек, доого жыгылган "Ч.З." компаниясы "Чаарат Заав" жабык акционердик коому болушу мүмкүн. Бул компания дагы Жалал-Абад облусундагы ири алтын кендерин казуу менен алектенет. Буга чейин жергиликтүү тургундар Чаткалда "Чаарат Заав" арчаларды кыйып жатканына нааразычылыгын билдирген, бирок бийлик органдары ага уруксат берилгенин айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0