Министр: "Кумтөр" боюнча кырдаал экономикага терс таасирин тийгизет

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Кумтор голд компани" компаниясынын кызматкери. Архив
Кумтор голд компани компаниясынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.05.2021
Жазылуу
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков "Кумтөр" боюнча кырдаалга комментарий берди.
БИШКЕК, 10-май — Sputnik. "Кумтор голд компани" компаниясына карата чыккан соттун чечими Кыргызстандын экономикалык абалына терс таасир этет. Бул тууралуу экономика жана финансы министри Улукбек Кармышаков "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.
7-майда Бишкектин Октябрь райондук соту "Кумтөр Голд Компани" компаниясын экологияга тийгизген залакасы үчүн деп мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 сом төлөөгө милдеттендирген. Ага чейин Жогорку Кеңеш министрлер кабинетине ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоорун жактырган.
"Бул, албетте, өлкөнүн экномикалык бакубаттуулугуна терс таасир тийгизет. "Кумтөрдүн" экономиканын өнүгүүсүндө олуттуу салмагы бар. Соттук процесстер мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгында тагыраак аныкталат. Аталган комиссияны депутат Акылбек Жапаров жетектөөдө, курамында биздин дагы эксперттер бар. Анын жыйынтыгына жараша тийиштүү чара көрүлөт. Райондук сот компанияны 3,5 миллиард доллар төлөөгө милдеттендирди. Бирок ишкана арызданса керек. Соттук процесстер аяктаганда көрөбүз", — деди ал.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев посетил комбинат рудника Кумтор - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.05.2021
Centerra Gold компаниясы Кумтөргө байланыштуу абал боюнча үн катты
"Кумтор голд компани" ишканасынын сайтындагы маалыматка караганда, 2020-жылы "Кумтөрдүн" үлүшү Кыргызстандын ИДПсынын 12,5 пайызын түзгөн.
Компанияга карата соттун чечими жана ишкананы сырттан башкарууга мүмкүндүк бере турган мыйзам долбоору боюнча жаңылыктар тарагандан кийин Centerra Gold Inc. компаниясынын акциялары Канада менен Нью-Йорк биржаларында арзандап кеткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0