Мигранттар которгон акча валютанын үч түрү менен келет

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүЖумуш учурунда тазалоочу. Архив
Жумуш учурунда тазалоочу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2021
Жазылуу
Өткөн жылы мигранттар тарабынан Кыргызстанга 2,4 миллиард доллар акча которулган. Улуттук банк ал каражаттан негизинен үч валюта менен келгенин белгиледи.
БИШКЕК, 9-май — Sputnik. Кыргызстанга мигранттар которгон акча каражатынын теңинен көбү Россиянын рубли менен жүргүзүлөт. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук банкы билдирди.
Акча которуу тутумдары аркылуу операциялар негизинен рубль, доллар жана евро сыяктуу валюталар менен ишке ашырылат.
"Белгилей кетүүчү жагдай, 2020-жылы жеке адамдардын акча которууларынын басымдуу бөлүгү Россия рублинде жүргүзүлгөн (жалпы жүгүртүүнүн дээрлик 60 пайызы)", — деп айтылат билдирүүдө.
Өткөн жылы жеке адамдар тарабынан өлкөгө 2 миллиард 377,2 миллион доллар которулган.
Мигранттардан келген каражат Кыргызстандын экономикасы үчүн маанилүү болуп саналат. Ал ички дүң продукциясынын болжол менен үчтөн бир бөлүгүн түзөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0