Жапаров кыргызстандыктардын бүткүл дүйнөлүк курултайын өткөрүүнү сунуштады

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүКалпакчан киши. Архив
Калпакчан киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2021
Жазылуу
Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык Элдик курултай түзүлөт. Аны чакыруу укугу президентке таандык болот.
БИШКЕК, 5-май – Sputnik. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктардын бүткүл дүйнөлүк курултайын өткөрүү демилгесин көтөрдү. Бул тууралуу элге кайрылуусу учурунда билдирди.
Өлкө башчынын айтымында, Кыргызстан экономикалык моделинин өзүнө ылайык ыгын табышы зарыл. Андыктан алдыдагы максаттын оош-кыйыш маселелерин талкуулап алуу үчүн эгемендүүлүктүн отуз жылдыгынын алдында кыргызстандыктардын бүткүл дүйнөлүк курултайын өткөрүү демилгеленүүдө.
 "Ар бир эл өзү аздектеп, ардактаган дөөлөттөрдүн негизинде гана өз турмушун уюштурат. Биздин элде эзелтен туу тутуп жашаган эки баалуулук бар, алар — эркиндик жана акыйкаттык. Эл адилетсиздикке чыдай албайт, укуктарын чектеген жашоого макул эмес. Биз "улутубуздун табиятына жараша башкаруу" концепциясын киргизебиз. Анын негизги жобосу — ар кандай чечим кабыл алуудан мурда жарандардын кызыкчылыктарын алдын ала макулдашып алуу", — деди президент.
 Ошондой эле Жапаров дал ушул себептен улам Конституцияга Курултай институту киргизилгенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0