Үч милдет бар. Президент Жапаров экономика кандай реформаланарын айтты

© Sputnik / Жоомарт УраимовСом жана доллар купюралары. Иллюстративдик сүрөт
Сом жана доллар купюралары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.05.2021
Жазылуу
Кыргызстанда 11-апрель күнү жалпы элдик референдумда кабыл алынган жаңы Баш мыйзамга президент бүгүн кол коюп, элге кайрылуу жасады.
БИШКЕК, 5-май – Sputnik. Президент Садыр Жапаров өлкө элине кайрылуусу учурунда экономикада кандай реформа жасалары тууралуу айтып берди.
"Экономикалык реформанын алкагында фискалдык, тышкы соода, логистикалык, соттук, укук коргоочулук саясатын өркүндөтөбүз. Бардыгынын ишин санариптештиребиз. Бизнес жүргүзүү ыңгайлуу болушу үчүн себепсиз текшерүү жана рейдерликтен коргонууну камсыздайбыз. Лицензиялык документи тууралуу боюнча бюрократия жоюлуп, жеңилдиктер берилет", — деди Жапаров.
Автоунаага май куюу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Нефтетрейдерлер: май айында бензин дагы эки сомго кымбатташы мүмкүн
Ошондой эле ал мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү жаңы деңгээлге чыгарып, бизнести угууга толугу менен даяр экенин айтты.
"1-октябрга чейин жаңы Салык кодекси менен социалдык төлөмдөрдүн тарифтерди төмөндөтүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңешке жөнөтөбүз", — деди президент.
Мындан тышкары, өлкө башчы экономикалык өсүштү камсыздоо үчүн төмөнкү милдеттерди ишке ашыруу зарыл экенин айтты:
  • биринчи милдет — мамлекетке инвестициянын агымын жогорулатуу жана экспорттун көлөмүн көбөйтүү. Өкмөт менен Улуттук банктын негизги милдети экономиканы капитал менен камсыздоо болот;
  • экинчи милдет — өлкөнүн изоляцияда калуусуна жол бербөө. Соодадагы негизги өнөктөш өлкөлөрдүн ортосунда товарлардын эркин жүгүрүшүн камсыздоо. Ошондой эле калкты эмдөөдөн өткөрүү;
  • үчүнчү милдет — азык-түлүктүн кымбатташына жол бербөө. Социалдык маанилүү товарлар менен камсыздап, бааларды тез арада жөнгө салуу. Чечимдерди тез кабыл алып, ыкчам аткаруу.
Жаңылыктар түрмөгү
0