19:02 16 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.6213
  • EUR102.6076
  • RUB1.1436
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
293 0 0

Өлкөнүн башкы банкы инвестицияны туура жасап, киреше алып туруу үчүн аталган тармакты жакшылап өздөштүрүү шарт экенин эскерткен.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы чет элдик валюта сатып алууну каалагандарга кеңеш берди.

Маалым болгондой, валюта рыногунда курс бирде өйдө-ылдый болуп өзгөрүп турат.

"Биринчи кезекте доллардын курсу жогорулаганда сомду көбөйтүш үчүн аны сатып алып же сатып, дүрбөлөңгө түшпөө керек", — деп айтылат банктын маалыматында.

Өлкөнүн башкы банкы чыгымы көптөргө каражатты керектүү валютада сактоону сунуштаган.

"Эгер каражатты чет элдик валютада сакташ керек болсо, анда валюта топтомун диверсификациялоо зарыл. Андыктан акчаны ар кандай валютада сактоо кажет. Валютаны ар бир адам ишмердүүлүгү, акча топтоо максаты жана тобокелчилигине жараша тандайт. Каражатты инвестиция кылуунун башкы принциби — тобокелчиликтерди бөлүштүрүү.  Башкача айтканда бардык жумуртканы бир баштыкка салбаш керек", — деп айтылат маалыматта.

Улуттук банк түшүндүргөндөй, алдыда эмне болорун айтуу кыйын. Ал эми инвестиция узак убакытка жасалат.

"Аталган принципти чет элдик компаниялардын акциясын сатып алууда да, чет элдик валютаны сатып алууда да колдонсо болот. Ошол эле учурда инвестицияны туура жасап, киреше алып туруу үчүн аталган тармакты жакшылап өздөштүрүү шарт", — деп кеңеш берген Улуттук банк.

Өлкөнүн башкы банкы бардык каражатты инвестицияга салып салбаш керектигин эскерткен. Акча чогулта турчу адамда эркин каражаттын резерви болушу зарыл.

Тема боюнча

Улуттук банк 62 миллион доллар сатып ири интервенция жасады
Белгилер:
акча, инвестициялар, чет элдик валюта, Улуттук банк

ЭҢ МААНИЛҮҮ