Улуттук банк 62 миллион доллар сатып ири интервенция жасады

© AFP / BRENDAN SMIALOWSKIДоллар купюралары. Архив
Доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.04.2021
Жазылуу
Жыл башынан бери Улуттук банк алты жолу интервенция жүргүзүп, жалпысынан 270 миллион 450 миң долларды рынокко чыгарды.
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы 29-апрель күнү 62 миллион 250 миң доллар интервенциялады. Бул тууралуу мекеменин сайтында жазылат.
Анда 2010-жылкы интервенция тууралуу маалымат дагы бар. Аны менен салыштырганда кечээ ири суммада валюта сатылганын көрүүгө болот. Мындан азыраак сумма, тагыраагы, 50,2 миллион доллар ушул айдын башында сатылган.
Жыл башынан бери Улуттук банк алты жолу интервенция жүргүзүп, жалпысынан 270 миллион 450 миң долларды рынокко чыгарды.
Бейшемби күнгө салыштырмалуу доллардын сатып алчу курсу 2 тыйынга (84,75 сомго чейин) түшсө, сатуу мурдагы эле баада (84,9) калган.
Жаңылыктар түрмөгү
0