Улуттук банк өз акчасынын кунун жогорулатты. Мындай өсүү 2015-жылы болгон

© Sputnik / Эмиль СадыровУлуттук банктын имараты. Архив
Улуттук банктын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2021
Жазылуу
Акыркы жолу эсептик чен 2015-жылдын сентябрында 1 же андан көп пайызга жогорулаган. Мындай чара инфляцияны азайтуу үчүн көрүлөт.
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Улуттук банктын башкармалыгы кечээ, 26-апрелде, эсептик ченди 5,5тен 6,5 пайызга чейин жогорулатты. Бул тууралуу өлкөнүн башкы банкынын маалымат кызматы билдирди.
Эсептик чен — бул Улуттук банктын коммерциялык банктарга берген насыясынын пайыздык чени. Экономикалык теорияда чен канчалык жогору болсо, коммерциялык мекемелер тарабынан калкка берилген насыялар боюнча пайыздар ошончолук жогору болот же тескерисинче аз болот деп айтылат. Эсептик ченди көбүнчө инфляцияны азайтуу үчүн жогорулатат. Мындай учурда экономиканын өсүү темпи ылдыйлайт. 
Улуттук банк коронавируска каршы чектөөлөр жана вакцинация процесси жай жүргүзүлүп жаткандыгы дүйнөлүк экономиканын өсүшүнө тоскоолдук жараткандыгын белгилейт.
"Кыргызстанда экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү тенденциясы байкалды, ал эми ички суроо-талап начар бойдон калууда. Чыныгы эмгек акы 2021-жылдын январь-февраль айларында 5,3 пайызга төмөндөгөн. Өлкөгө сырттан акча которуулардын агымынын өсүшү ички керектөөнүн калыбына келишинин бир фактору болду. 2021-жылдын январь-февраль айларында сырттан келген акчанын көрсөткүчү 6,4 пайызга көбөйгөн", — деп айтылат билдирүүдө.
Банк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2021
Былтыр финансы секторуна эң көп кирешени банктар алып келди. Статистика
Кыргызстандагы инфляция импорт азыктарынын жана күйүүчү майдын баасынын жогорулашынан улам келип чыккандыгы белгиленди. Жылдык мааниде алганда, инфляция 2021-жылдын апрелинде мартка салыштырмалуу 10,2 көрсөткүчтөн азайып, 8,6 пайызды түзгөн.
Азык-түлүк баасынын динамикасына тышкы базарлардагы баанын тездик менен өсүшү жана өндүрүүчү өлкөлөрдө сунуштардын чектелгени сыяктуу факторлор басым кылып жатканы көрсөтүлөт. Бир катар административдик баалардын (тарифтердин) жогорулашы дагы жалпы инфляцияга кошумча салым болот.
"Ушул факторлордун бардыгы жылдын аягына чейин Кыргызстанда инфляциянын жогорулашына себеп болууда", — деп белгилейт Улуттук банк.
Жакынкы келечекте тышкы суроо-талаптын акырындык менен калыбына келиши күтүлүүдө. Дүйнөлүк чийки зат базарларындагы баалардын өсүшү жакынкы жылдарда Кыргызстандагы инфляциянын жогорулашына себеп болот.
Киши доллар купюраларды санап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2021
Финансист аманатты доллар менен сактагандарга кеңеш берди
"Тышкы чөйрөнү жана ички экономикалык шарттарды эске алуу менен Улуттук банк эсептик ченди 6,5 пайызга чейин жогорулатуу жөнүндө чечим кабыл алды", — деп айтылат билдирүүдө.
Коюм акыркы ирет ушул жылдын февраль айында (5тен 5,5 пайызга) жогорулатылган. Ал эми 2016-жылы 6 пайыздан 8 пайызга чейин жеткен.
Эсептик чен акыркы жолу 2015-жылдын март айында 1 же андан жогору пайызга көтөрүлгөн. Анда ал 8ден 10 пайызга чейин жогорулаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0