Финансист аманатты доллар менен сактагандарга кеңеш берди

© AFP / OZAN KOSEКиши доллар купюраларды санап жатат. Архив
Киши доллар купюраларды санап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.04.2021
Жазылуу
Адистин айтымында, акыркы жылдары евронун кеңири тарашы менен доллардын көлөмү дүйнөлүк экономикада кескин кыскарды.
БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Noble Russian Finance Club мекемесинин башкы директору, финансист Василий Коновалов акчалай аманат сактагандарга доллар кармоо боюнча кеңеш берди. Бул тууралуу "Прайм" агенттиги жазды.
"Учурда дүйнөнүн Кытай, Россия сыяктуу ири державалары баш болгон бир топ мамлекеттер акырындык менен доллардан арылууга аракет кылып жатат. Албетте, бул процесс оңой-олтоң нерсе эмес. Андыктан көп мамлекеттер эл аралык соода-сатыктын жарымынан азыраагын дагы деле доллар менен жүргүзүп жатат. Бирок АКШ акчасын азайтуу процесси токтотулбайт. Ошон үчүн акчалай каражат сактаган адамдар доллардын көлөмүн жок дегенде 30 пайызга чейин түшүрүп алганы туура", — деди адис.
Коноваловдун айтымында, акыркы жылдары евронун кеңири тарашы менен доллардын көлөмү дүйнөлүк экономикада кескин кыскарды. Мисалы, 2000-жылдардын башында дүйнөлүк соода-сатыктын 70 пайызы доллар менен жүргүзүлсө, учурда анын көлөмү 50 пайыздан төмөн түштү.
Жаңылыктар түрмөгү
0