Өзбекстанга кымыз сатып... Нарынга ферганалык ишкерлер келишти. Сүрөт

© © SputnikНарында Кува районунан ишкерлердин делегациясы
Нарында Кува районунан ишкерлердин делегациясы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2021
Жазылуу
Ишкерлер эт, картошка, жүн, тери, кымыз жана сүт азыктарын иштетип экспортко чыгаруу боюнча сүйлөшүштү.
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Нарынга Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу Кува районунан ишкерлердин делегациясы келип, жергиликтүү ишкерлер менен кызматташуу жолун талкуулашты. Бул тууралуу Нарын районунун акими Алтынбек Сеңирбаев билдирди.
© © SputnikНарынга Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу Кува районунан ишкерлердин делегациясы келип, жергиликтүү ишкерлер менен кызматташуу жолун талкуулашты
Прибытие делегации ферганских бизнесменов в Нарын - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Нарынга Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу Кува районунан ишкерлердин делегациясы келип, жергиликтүү ишкерлер менен кызматташуу жолун талкуулашты
Жолугушууда эки райондун ишкерлери эт, картошка, жүн, тери, кымыз жана сүт азыктарын иштетип экспортко чыгаруу боюнча сүйлөшүштү.
Сүйлөшүүлөргө ылайык, Нарындагы пайдаланылбай жаткан жерлерге карлик алманын, алчанын (кокон гилас) көчөттөрү отургузулуп, картошка айдалат. Өзбекстандан тажрыйбалуу багбандар менен дыйкандар келип, туура өстүрүү технологиясынын өзгөчөлүктөрүн үйрөтмөкчү. Ошондой эле күзүндө жыйналган түшүмдү өзбекстандык кардарларга базар баасында сатуу макулдашылды.
Электр линиясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.04.2021
Кыргызстан Өзбекстандан электр кубатын кандай шартта алып жатканы айтылды
Көп жылдан бери жер иштеткен өзбек ишкерлер 1 гектар жерге 1200 карлик алманын көчөтү отургузулса, эки жылдан кийин 100 тоннадан ашык түшүм берерин айтышты.
Ал эми сүттү кайра иштетүүдө быштак, брынза, сыр, сары май, курут өңдүрүү тууралуу пландар айтылды. Алар куруттун сапаты жогору болсо 100-200 тоннага чейинки көлөмдө сатып аларын билдиришти. Сүт азыктары менен иштеген өзбекстандык ишкерлер бул багытта тажрыйба бөлүшүүнү убада кылды.
Ошондой эле жүндү иштетүүдө атайын жабдуу менен камсыз кылынып, чакан ишкана ачуу мерчемделди. Иштетилип чыккан жүндү өзбек кардарларга сатуу жагы сүйлөшүлдү.
Жүк ташыган фурулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2021
ЕАЭБ бир катар товарларды июндун соңуна чейин пошлинасыз ташууга уруксат берди
Кыргыз кымызын Өзбекстанга тренд кылууну самаган жеке ишкер аны сатуу жолдорун кароону сунуштады.
Жогоруда айтылган багыттар боюнча эки тарап өз мүмкүнчүлүктөрүн карап, келишимдер түзүлөрү белгиленди.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 19-мартында Нарын облусунун, райондорунун жетекчилери иш сапары менен Фергана облусуна барышкан. Анда Нарын районунун акими Алтынбек Сеңирбаев менен Фергананын Кува районунун хокими Халимжон Умаров кызматташуу келишимин түзүшкөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0