Мамлекеттик ички карыздын рекорду: сумма үч жылда эки эсеге өсүп кетти

© Фото / Pexels / Tima MiroshnichenkoАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.04.2021
Жазылуу
Мамлекеттик ички карыз акыркы жылдары рекорд артынан рекорд коюуда. Ал мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруудан улам пайда болуп жатат.
БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Акыркы маалыматтар боюнча (февралдын соңуна), Кыргызстандын мамлекеттик ички карызынын көлөмү рекорддук көрсөткүчкө жетип, 62 миллиард 389,4 миллион сомду түздү. Мындай сандарды Экономика жана финансы министрлигинин маалыматтарынан көрүүгө болот.
Аталган ведомствонун сайтында 2005-жылдан берки маалыматтар жарыяланган. Мурдагы рекорд январдын аягында болуп, 62 миллиард 116,2 миллион сомго жеткен.
Запасы золота в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Кыргызстандын алтын валюта резерви бир айда 150 млн. долларга кыскарды
Үчүнчү рекорд 2020-жылдын декабрь айынын аягында катталып, 58,5 миллиарддан ашканы айтылган. Акыркы жылдары мамлекеттик ички карыз улам өсүп бара жатат. Соңку сандар 2017-жылдын аягындагы көрсөткүчтөн (ал кезде 31 миллиард сом болгон) эки эсеге көп өскөндүгүн көрсөттү.
Эске салсак, мамлекеттик карыз тышкы жана ички карыздан туруп, баалуу кагаздардан пайда болот. Тышкы карыз да улам өсүп бара жаткан, бирок акыркы маалыматтар боюнча, бир аз төмөндөп, 9,2 миллион долларды түзгөн.
Мамлекеттик карызды азайтууга быйыл 37 миллиард 266 миллион сом бөлүү каралууда. Бул акчанын ичинен 21,6 миллиарды тышкы карызга, калганы ички карызга жумшалмакчы.
Жаңылыктар түрмөгү
0