ЕАЭБ бир катар товарларды июндун соңуна чейин пошлинасыз ташууга уруксат берди

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүЖүк ташыган фурулар. Архив
Жүк ташыган фурулар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2021
Жазылуу
Пандемиядан улам ЕАЭБдин аймагында дары, антисептик жана медициналык препараттарды жасай турган заттар жана медициналык бир катар буюмдар мурдагыдай бажы алымысыз өтүп турмакчы.
БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. ЕАЭБде 2021-жылдын 30-июнуна чейин коронавирус менен күрөшүүдө колдонула турган товарларды бажы алымысыз алып кирүү узартылды. Бул туурасында Евразиялык экономикалык комиссиянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Биримдиктин аймагында дарыларды, дезинфекция кылуучу каражаттарды, медициналык препарат, респиратор, коргонуучу көз айнек, желим кол кап жасай турган заттарды, медициналык бир катар буюмдарды, жабдууларды, бейтаптарды ташый турган замбилдерди алып кирүүдө мурдагыдай эле бажы алымысыз өткөрүүгө уруксат берилди.
"Дүйнөдө эпидемиологиялык кырдаал туруктуу эмес, андыктан биримдикке мүчө-өлкөлөр COVID-19дун мындан ары таралышына даяр турушу керек. Кырдаалдын ар кыл болуп өзгөрүп кетишине реакция кылгандай болушу кажет. Баарына бирдей ыкманы колдонууга болбой тургандыгын эске алуу керек", — деген ЕЭКтин соода министри Андрей Слепнев.
Бул чечим расмий жарыялангандан 10 календарлык күндөн кийин күчүнө кирет.
Жаңылыктар түрмөгү
0