Жергиликтүү бизнес Wildberries онлайн платформасына кирет

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүWildberries онлайн платформасынын дүкөнү. Архив
Wildberries онлайн платформасынын дүкөнү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2021
Жазылуу
Учурда жиберилген товардын кайда экендигин аныктоого мүмкүнчүлүк бере турган айырмалоочу белгилерди (штрих-код) тесттен өткөрүү жана бекитүү иштери жүрүп жатат.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Жакынкы аралыкта жергиликтүү ишкерлер өзүнүн продукциясын Wildberries онлайн платформасына чыгара алышат. Бул тууралуу "Кыргыз почтасы" ишканасынан билдиришти.
Аталган ишкана ата мекендик бизнести логистика жана товарларды маркалоо боюнча иш алып барат.
Учурда жиберилген товардын кайда экендигин аныктоого мүмкүнчүлүк бере турган нерселерди — айырмалоочу белгилерди (штрих-код) тесттен өткөрүү жана бекитүү иштери жүрүп жатат.
Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.04.2021
Радио
Сыдыков: Кыргызстанда инвестициялык климат жакшы эмес
Мындан сырткары, "Кыргыз почтасы" аталган процесс ишке киргенден кийин Кыргызстандагы бардык окуу борборлорунда Wildberries онлайн платформасы менен тааныштырган курстарды уюштурууга даяр. Аталган окуу борборлору Ош жана Жалал-Абад облустарында, Бишкек шаарында жайгашкан.
Жакынкы күндөрү "Кыргыз почтасы" Wildberries онлайн платформасына жергиликтүү бизнестин киришин камсыздаган долбоордун башталышы жана маалымдоо курстарынын графиги боюнча кошумча билдирмекчи.
Эске салсак, 2021-жылдын январынан тарта өлкөдөгү бизнес климатты жакшыртуу жана жергиликтүү ишкерлерге жардам берүү максатында "Кыргыз почтасы" "Россия почтасы" менен биргеликте Wildberries кызматын кошуп, аталган платформага жеткиликтүүлүктү камсыздоо иштерин жасап келе жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0