Министр электр энергиясы эмнеге кымбаттай турганын түшүндүрдү

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЭлектр зымдарын оңдоо. Архив
Электр зымдарын оңдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2021
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров жашоо шарты жакшы жарандарга электр энергиясынын баасын 1,48 сомго көтөрүүнү сунуштады. Кышында бул баа 2,29 сомго чыгышы мүмкүн.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Электр энергиясына болгон лимит менен жогорку баа пайдалануу көлөмүнүн өсүшүн ооздуктап турууга, башкача айтканда, үнөмдөөгө багытталган. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев маалымат жыйыны учурунда билдирди.
Министр энергетики и промышленности КР Кубанычбек Турдубаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2021
Министр: Кыргызстан Казакстанга берген электр кубатынан пайда көрөт
"Энергетиктер керектөөчүлөр электр энергиясын үнөмдөшү үчүн миң киловатт/саатка чейинки диапазонду белгилешти. Бизде кошумча каражат табуу деген максат жок. Болгону электр энергиясын ашкере пайдаланбай тизгиндеп туруш керек болуп жатат", — деди министр.
Анын айтымына караганда, өлкөдө орточо керектөө 700 киловатт/сааттан ашпайт жана миң киловатт/сааттык чектөө турмуш-тиричилик үчүн жетиштүү болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0