Кыргызстандан экспорттолгон алтындын көлөмү эки эсе азайып кетти

© AP Photo / Mike GrollАлтын куймалары. Архив
Алтын куймалары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2021
Жазылуу
Быйылкы жылдын алгачкы эки айында өлкө 1,1 тоннадан ашык алтын экспорттогон. Баалуу металлдын сатылышынын азайып кетишине бир нече себеп бар.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Кыргызстандан экспорттолгон алтындын көлөмү январь, февраль айларында былтыркыга салыштырмалуу эки эседен да көбүрөөк кыскарып кетти. Бул туурасында Улуттук статистика комитетинен кабарлашты.
2021-жылдын алгачкы эки айында 1 116,7 килограмм алтын (66,2 миллион доллар), андан бир жыл мурда 2 481,1 килограмм ( 124,2 миллион доллар) сыртка чыгарылган.
Алтын казуу өндүрүшүнүн азайып кетиши мүмкүн деген эскертүү Экономика министрлигинин КРдин 2021-2023-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча орто мөөнөттөгү божомолунда айтылган.
"Ишкананын өндүрүш планына ылайык, Кумтөр кенинде алтын казуунун көлөмү 2020-жылга салыштырмалуу 4,3 пайызга азайышы божомолдонууда. Бул негизинен кендин курамында алтындын азайышы менен шартталат", — деп айтылган маалыматта.
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2021
Акчаны кайда салып кантип көбөйтсө болот. Кыргызстандагы шарттар
Документтин авторлору өлкөдөгү ири кенде 2021-жылы 16 тоннадан (былтыр 17,7 тонна болгон) бир аз көбүрөөк алтын казыларын божомолдошкон. Бирок "Кумтөр" компаниясынын сайтындагы маалыматтарга таянсак, быйыл андан дагы аз көлөмдө, тагыраагы, 14,62-15,86 тонна алынары кабарланган.
Экономика министрлиги Талды-Булак-Сол-Жээк кенинде ( "Алтын кен" ЖЧКсы) казуу иштерин 19 пайызга кыскартуу пландалгандыгын белгилеген. Бул жерде да негизги себеп кендин курамынан алтындын аз чыгышы болгон. Мындан сырткары, "Кыргыз алтындын" өндүрүшүн консервациялоо күтүлүп жатат. Бирок Жер-Үй менен Чаарат алтын кендерин ишке киргизүү пландалган.
Жаңылыктар түрмөгү
0