Бишкекте бензиндин баасы 50 сомдон ашты

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүМай куюучу жайдын ишкери автоунаага бензин куюп жатат. Архив
Май куюучу жайдын ишкери автоунаага бензин куюп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 21.04.2021
Жазылуу
Буга чейин Нефтетрейдерлер ассоциациясы Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы дагы көтөрүлөрүн айткан.
БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Бишкек шаарында АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 50 сомдон ашты. Бул тууралуу күйүүчү май сатуу менен алектенген компаниялардын сайтынан көрүүгө болот.
Бүгүн эртең мененки маалыматка караганда, "Газпром" компаниясы АИ-95 үлгүсүндөгү бензинди 50,50 сомдон, АИ-92 үлгүсүндөгү бензинди 48,50 сомдон сата баштады.
Ал эми "Роснефть" АИ-95 үлгүсүндөгү бензинге 50,30 сом, АИ-92 үлгүсүндөгү күйүүчү майга 48,30 сом деген баа койду.
Автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.04.2021
Кыргызстанда автоунаа импортунун көлөмү эки эсеге азайды
Буга чейин бир нече күн АИ-95 үлгүсүндөгү бензиндин баасы 49,50 сом, кийин 49,90 сом болуп кармалып турган.
Адистер күйүүчү майдын баасына дүйнөлүк рыноктогу абал таасир этип жатканын айтып келет. Мисалы, апта башында пандемия учурунда суроо-талаптын азайышынан улам кампаларда топтолуп калган мунай запасы дээрлик түгөнгөнү кабарланган
Буга чейин Нефтетрейдерлер ассоциациясы Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы дагы көтөрүлүп, апрель айында бензин алты пайызга, дизель майы тогуз пайызга кымбаттай турганы күтүлүп жатканын айткан эле.
Жаңылыктар түрмөгү
0