Ысык-Көлгө туристтик комплекс куруу пландалууда. ЕАЭБдин бизнес-долбоору

© Sputnik / Михаил ДудинЫсык-Көл. Архив
Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.04.2021
Жазылуу
Бир жыл мурун евразиялык ишкер-демилгечилердин сынагы жарыяланган. Ага Кыргызстандан үч долбоор түшүп, бирөө азыр каралууда.
БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Кыргызстандык ишкерлер евразиялык ишкерлер жана демилгечилер сынагынын алкагында үч долбоор сунуштады. Бул тууралуу ЕЭК коллегиясынын өндүрүш жана агроөндүрүш комплекси боюнча министр Артак Камалян Sputnik агенттигинде өткөн видеокөпүрөдө билдирди.
Сынак былтыр май айында жарыяланган. Жакшы долбоорлорго инвестициялык колдоо көрсөтүү каралууда.
Камаляндын айтымында, өткөн жылы күзүндө 80ден ашуун долбоор келип түшкөн. Мындай конкурс жыл сайын өтүп турмакчы.
"Кыргызстандан үч долбоор келген. Экөө курулушка, бири жаңгакты кайра иштетүүгө байланыштуу. Менин билишимче, Кыргызстандын бийлиги менен Евразия өнүктүрүү банкы Ысык-Көлдө туристтик эс алуу комплексин куруу боюнча долбоорду карап жатышат. Бул абдан жакшы иш", — деди ЕЭК министри.
Камалян жеңүүчүлөргө долбоорлорду жүзөгө ашыруу үчүн жеңилдетилген насыя берилерин белгиледи.
Жаңылыктар түрмөгү
0