УКМК алты айда мамлекетке канча акча кайтарганын жарыялады

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча каражаттары. Архив
Акча каражаттары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.04.2021
Жазылуу
Каражаттын бир бөлүгү тергөө амалдары аяктаганга чейин УКМКнын депозиттик эсебинде топтолору белгиленди.
БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Өткөн жылдын октябрь айынан ушул күнгө чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети өлкөгө беш миллиарддан ашык сом кайтарып берди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Көрсөтүлгөн сумманын эки миллиард сому мүлк, үч миллиарддан ашыгы акчалай түрүндө кайтарылган.
"Бул каражаттын бир бөлүгү тергөө амалдары аяктаганга чейин УКМКнын депозиттик эсебинде топтолот. Тергөө жыйынтыкталганда толугу менен мамлекеттик бюджетке которулат", — дешти УКМКдан.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын 22-январында "Улуттук коопсуздук органдары жөнүндөгү" мыйзамга киргизилген толуктоолорго ылайык, укук коргоо жана көзөмөл органдары кайтарылган каражатты өз муктаждыгы үчүн колдонууга укугу жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0