12:19 25 Кулжа 2021
Түз эфир
  • USD84.6625
  • EUR100.9643
  • RUB1.1706
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
662 0 0

Планга айдоо аянттардын топурагынын асылдуулугун анализдөө, жайыт талашка чекит коюу, сандан сапатка өтүү сыяктуу иштер кирген.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин коллегиясы өтүп, 2021-жылга карата иш-планы бекитилди. Бул тууралуу аталган ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Коллегиянын жүрүшүндө министрликтин алдындагы айрым агрардык өнүктүрүү башкармалыктарынын башчыларынын аткарган иши канааттандырарлык эмес деп табылып, аларга эскертүү берилген.

Быйыл төмөндөгүдөй багыт менен иштөө планга киризилди:

  • 2021-жыл ичинде ирригациялык каналдардын курулушу, аларды реконструкциялоо иштерин алдыга жылдыруу;
  • Асыл тукум мал чарбаларын кайрадан аттестациядан өткөрүү жана сандан сапатка өтүү;
  • Чектеш райондордогу жайыт жерлерин пайдалануудан келип чыккан маселелерди жөнгө салуу жана жайыттарды туура пайдалануу;
  • Республикадагы айдоо аянттардын топурагынын асылдуулугун анализдөө иштерин жүргүзүү;
  • Мөңгүлөрдү сактап калуу максатында айлана-чөйрөнү жашылдандыруу иш-аракеттерин жүргүзүү;
  • Азык-түлүк коопсуздугун алдын алуу;
  • Дыйкандарды үрөн менен камсыз кылуу максатында өсүмдүктөрдүн сапаттуу үрөнүн өндүрүү.

Тема боюнча

Министрлик дүйнөдөгү табигый кырсыктардан улам кыргызстандыктарга кайрылды
Кыргызстан Өзбекстанга айыл чарба жаатында бир нече долбоор сунуштады. Тизме
Казакстан менен Өзбекстан Кыргызстанга жардам катары ун, буудай, көчөт жиберет
Белгилер:
министрлик, бекитүү, иш, коллегия, план, айыл чарба

ЭҢ МААНИЛҮҮ