18:07 16 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.6213
  • EUR102.6076
  • RUB1.1436
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
163 0 0

Былтыркыга караганда быйыл каражат көбүрөөк которулду деп айтууга болот. Бирок эки көрсөткүч тең 2019-жылдагы рекорддук суммага жетпейт.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Ушул жылдын январь жана февраль айларында Кыргызстанга мигранттардан 328,6 миллион доллар которулганын Улуттук банк кабарлады. Кеп жарандардын атайын система аркылуу которгон каражаты тууралуу болуп жатат.

Эгерде бул маалыматты мурунку жылдар менен салыштырсак (2005-жылдан бери), анда учурдагы көрсөткүч 2020-жылдын январь-февраль айларындагы суммадан жогору болот. Былтыр 313,6 миллион доллар которулган. Бирок бул 2019-жылдын алгачкы эки айындагы көрсөткүчкө жетпейт, анда 344,5 миллион (рекорд) болгон эле.

Белгилей кетсек, каражаттын 90 пайызы Россиядан которулат.

Белгилер:
Акча которуулар, каражат, Улуттук банк, Россия, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ