22:46 11 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.7863
  • EUR100.7855
  • RUB1.0988
Экономика
Кыскача шилтеме алуу
0 0

Улуттук банк өткөн айда сомдун курсун турукташтыруу үчүн 74,3 миллион доллар саткан. Деген менен алтын валюта корунун көлөмүнүн азайышына башка дагы себептер болгону айтылды.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Кыргызстандын алтын запасы март айында 149,7 миллион долларга кыскарды. Бул тууралуу Улуттук банктын сайтындагы маалыматта жазылган.

Февралдын аягында алтын жана валютанын запасы 2 миллиард 672,8 миллион долларды түзгөн. Марттын аягында ал кыскарып, 2 миллиард 523,1 миллионго түшкөн.

Белгилей кетсек, өткөн жылдын август айында алтын-валюта резервинин көлөмү тарыхый рекордго жетип, 3 миллиард доллардан ашкан. Бирок кийин ай сайын кыскаруу байкалган. Резервдин көлөмү азыркы көрсөткүчтөн да төмөн түшкөн учур өткөн жылдын апрелинде катталган.

Эске салсак, мартта өлкөнүн башкы банкы 74,3 миллион доллар саткан. Лондондун баалуу металлдар ассоциациясынын кечки фиксинги боюнча нарк февралдын аягынан марттын соңуна чейин 51,8 долларга арзандап, 1 691и түздү.

Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банкка сомдун курсун кармоо мүмкүндүгүн берет. Резерв 10дон ашык валютадан, СDR (эл аралык акча бирдигинин төлөм каражатынан жана жасалма резервден — атайын карыз алуу укугу) жана алтындан турат.

Тема боюнча

Кыргызстандын алтын запасы бир жылда 33,7 млрд. сомго кымбаттады
Кыргызстандын алтын кору бир айда 5 млрд. сомго азайып кетти
Белгилер:
экономика, Кыргызстан, Улуттук банк, арзандоо, резерв, алтын, валюта

ЭҢ МААНИЛҮҮ