Өлкөдө бензин кымбаттоодо. Май эмнеге Казакстан, Азербайжандан ташылбайт

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүКүйүүчү май ташуучу унаа. Архив
Күйүүчү май ташуучу унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2021
Жазылуу
Бензин менен күйүүчү майдын кымбатташынан улам социалдык тармакта мунай заттарын Россия эле эмес, башка мамлекеттерден ташып келүү боюнча чакырыктар да айтылууда.
БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынан өлкөгө эмне үчүн мунай зат Түркмөнстан, Иран, Азербайжан жана Казакстандан алып келинбей тургандыгын айтып беришти.
Май күйүүчү жай. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.04.2021
Кыргызстанда апрель айында күйүүчү май дагы кымбаттайт
Бензин менен күйүүчү майдын кымбатташынан улам социалдык тармакта мунай заттарын Россия эле эмес, башка мамлекеттерден ташып келүү боюнча чакырыктар да айтылууда. Бирок ассоциациядан потенциалдуу башка мамлекеттер (Түркмөнстан, Иран, Азербайжан) аталган продукцияны дүйнөлүк баа менен сата тургандыгын айтышты.
"Нефтетрейдер-компаниялар Кыргызстанда мунай заттарын ташып келүүдө башка жолдорду дайыма караштырып, издеп келишет. Россиядан келип жаткан мунай заттары экспорттук бажы төлөмсүз алынат, тагыраагы, дүйнөлүк баага караганда жеңилдик болот. Башка бир дагы өлкө бизге мындай кылбайт. Казакстан экспорттук бажы төлөмдөрү менен сатат. Мындан улам башка сунуштар экономикалык жактан пайдасыз жана Россияга салыштырмалуу атаандаштыкка туруштук бере албай калууда", — деп айтылган маалыматта.
2021-жылы Казакстан өзүнүн ички рыногундагы көлөмдү көбөйтүү максатында Кыргызстанга экспорттоону токтоткон соң Россия мунай заттарын берген бирден-бир өлкө болуп калды.
РФтеги мунай заттарынын кымбатташы Кыргызстанда да баалардын көтөрүлүшүн шарттап келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0